Билимиңди аныкта!

Баалоо окуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Баалоосуз өз билимин баалай алышпайт. Канчалык деңгээлде билимге ээ болгондугун аныктай алышпайт. Ал эми мугалимдер алардын окутуусу ийгиликтүү болгонун билишпейт. Ошондуктан баа берүүнүн ролу абдан чоң.
Бул ресурста баа берүүнүн негизги сапаттарын, анын ичинде анын аткарган иштеринин жыйынтыктарын биле аласыңар.

Баалоо

Бүтүрүүчүгө жардам!

Бул бөлүмдө силерге Жалпы республикалык тестке даярданууда сынамык тесттин айрым үлгүлөрү берилди.
Кандай бөлүмдөр боло тургандыгы жөнүндө жана кандай нукта суроолор, тапшырмалар камтыла тургандыгына даярдык көрүү максатында силерге жардамга келет.

ЖРТге даярдоо

Тестирлөө менен билимиңди аныкта!

Бул бөлүмдө өз билимдерин сынап көрүүгө, алган билимдерин бышыктоого, жоопторун окуу китептерден издөөгө, билим, билгичтик көндүмдөрүңдүн калыптануусуна жардамга келет.
Тесттик тапшырмаларды колдонуу менен, жаңы билимдин да материалдарына да ээ болосуңар.

Тесттер

Адабият үчүн тесттер
Кыргыз тили үчүн тесттер

Жакшы угуу жаңы маалыматтарга ээ болууга да жол ачат!

        «Укканды билсең, начар сүйлөгөн адамдан да пайда ала аласың.»  Философ Платон

        Окуу процессинде угуу коммуникативдик ролунан тышкары көптөгөн көмөкчү, тарбиялык милдеттерди аткарат. Ал окуучулардын сүйлөө активдүүлүгүн стимулдайт, окуу процессин башкарууну камсыз кылат, кеп ишмердүүлүгүнүн бардык түрлөрүндө көндүмдөрдү калыптандыруунун каражаты катары кызмат кылат жана жетишкендиктерди бекемдөөгө жардам берет.

PISA тесттери

Видео тесттер