Тынымсыз эмгек-ийгиликке карай кадам
Менин девизим:
Сапаттуу билим, интеллектүү инсан жана жаркын келечек!
Менин кредом:
Ар бир окуучуну предметке болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу өнүктүрүү-бул окутуунун ийгилигинин ачкычы!
Мугалимдик кесиптик жолуңда тынымсыз эмгек, жасап жаткан ишиңе кайдигерлик кылбасаң, ийгиликтин жолуна чыйыр салган жолуң болуп эсептелет.
Мен кесиптик ийгиликке карай жолумду ар бир кадамы белгилүү бир этап болгон тепкич катары элестетем. Бул тепкичке көтөрүлүү тынымсыз иштөө, мугалимдин сабактан сабакка, күндөн-күнгө, айдан айга окутуунун жаңы формаларын, технологияларын, ыкмаларын колдонуу менен жана өз алдынча бир нерсе жаратып иштөө менен гана мүмкүн болот.
Эң негизгиси кылган ишиңден ырахат алуу керек! Ошондо ийгилик сөзсүз келет!
Жетишкендиктерим
Изилдөө иши - келечекке карай кадам
Окуучулардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн уюштуруу – бул окуучуларды илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана алардын натыйжаларын ишке ашырууга даярдоонун, изденүүчүлүккө, ошондой эле илимий изилдөөлөргө чыгармачылык идеяларды киргизүү жана ишке ашыруунун, илимий эмгектерди түзүү көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө болот.
Окуучулардын арасында изилдөөнүн актуалдуулугу бүгүнкү күндө өспүрүмдөр өз алдынча болууну, башкалар тарабынан кабыл алууну жана ийгиликтүү болууну каалаган сезимдеринин пайда болушуша алып келет.
Бул курак эң татаал жана карама-каршылыктуу экендигине таянып, жаштарга бул жагынан жардам берүү максатка ылайыктуу, ошону менен кооптонуу коркунучун азайтып, эмоционалдык жагымдуу жагдайдын деңгээлин жогорулатат.
Мектеги изилдөө иши окуучулардын келечекке карай илим жолуна багытталышына, жашоонун агымдарын туура кабылдай билишине жол салат.
Окуучулардын изилдөө иштери
Окуучунун ийгилиги – мугалимдин ийгилиги!
Окуучулардын ийгиликтерге жана кубанычка жетишүүсү мугалимдер үчүн кесиптик эргүү алып келет. Анын кесиптик жана чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында ушундай абалдын калыптанышына шарт түзөт.
Окуучунун ийгилиги – мугалимдин ийгилиги! Мугалим үчүн окуучуларынын жаркыраган көздөрүнөн, чыгармачылык кызматташтыктан алган кубанычынан жана канааттануусунан чоң сыйлык жок. Ал эми бул сезимдер атаандаштык сыноолордо таанылган жеңиштер менен да бекемделсе, бул чыныгы ийгилик!
Мен дайыма окуучуларымдын келечекке карай билимге ээ болушуна, алган билимдерин турмушта пайдаланып, инсан катары калыптанышы мен үчүн чоң сыймык.
Окуучулардын ийгиликтери
Изденүүчүлүктөн кесипкөйлүккө
Мугалимдик кесиптин жолунда семинарлардын, конференциялардын орду абдан чоң.
Ар бир конференциялардын изденүүчүлүк мааниси бар. Аларга даярдык көрүү процессинде ар бир катышуучу шык-жөндөмгө ээ болот. Алар өз алдынча иштөө жана маалымат булактары, аларды талдоо жана жалпылоо, материалдар менен иштөө, туура илимий кепти өздөштүрүүгө багытталган чечендик чеберчиликте тажрыйба алуу ж.б. топтойсуң.
Кесиптик ыкмалар жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөргө ээ болууга, ар кандай илимий билимдерге болгон кызыгуусун өнүктүрүүгө жардам берет.
Чыгармачылык активдүүлүк пайда болуп, чыгармачылык изденүүчүлүктү өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.